“Microsoft” хаккерлерге төлөп берет

29-Июль 2017, Ишемби

“Windows 10” программасынын кемчиликтерин тапкандыгы үчүн “Microsoft” компаниясы 250 миң доллар төлөп берет”,-деп кабарланган компаниянын блогунда.

Максималдуу төлөм 250 миң АКШ долларын түзөт. Сыйлык “Windows” системасынын "Hyper-V” виртуалдаштыруу сервер жана үй нускаларында табылган кемчиликтери үчүн берилет. Эгер каталар, коргоочу "Windows Defender”ден табылган болсо, операциялык система жана браузер “Microsoft Edge”нин мурдагы нускалары, бул учурда да төлөнөт, бирок аз өлчөмдө.

Издөө системасына алгачкы жолу компания 100 доллар төлгөн жана ал 2013-жылы жарык көргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!