10 метр бийиктикте жүргөн поезд

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кытайдын Шаньдун провинциясында эң ылдам жүрчү асма поезд сынактан өтүүдө. Жаңы коомдук унаага “Асман поезди” деген ат бирилди. Бул тууралуу “lenta.ru” билдирет.

“CRRC Qingdao” компаниясы чыгарган монорельстүү поезд келечекте тоолуу аймак менен ири шаарларда чоң суроо-талапка ээ болорун кытайлык инженерлер болжолдошууда.

"Поезд заманбап технология - магниттүү электр кыймылдаткыч менен жүрөт. Анын башка унаалардан көптөгөн айырмачылыгы бар",-дейт инженерлер. Анткени, ал кубаттуу жана физикалык өлчөмү чакан болуп, акырын жүрөт. Салмагы да аз.

Поезд монорельстүү жол менен жерден 5тен 10 метрге чейин бийиктикте жүрөт. 3, 4 жана 5 вагондон турган поездге 510 адам батат. Анын максималдуу ылдамдыгы саатына 70 чакырым.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!