“iPhone 8”ди таныштыруу кийинкиге калтырылууда

1-Авг. 2017, Шейшемби

Жаңы “iPhone”ду тааныштыруу иштери кийинкиге калтырылышы мүмүкүн деген эксперттердин кептери тарады. Себебин керектүү тетиктер менен камсыз кылууда маселелер келип чыкканы менен түшүндүрүшкөн. Бул тууралуу “The Financial Times” маалымдады.


“Уолл-стрит “iPhone”дун кийинки чыгарылышынын кечигүүсүнө даяр.Тетиктердин жетишсиздиги жана өндүрүштүк маселелерден улам “Apple” компаниясынын жаңы смартфонунун тушоо кесүүсүн өз убактында өткөрүүгө кыйынчылык туудурууда” ,-деп жазат аталган басылма.

Алардын айтымында, смартфондорду жеткирүү октябрь айында башталат. Демек, “iPhone 8” сатыкка жаңы жылдын алдында чыгат.

Адистер мындай учурда компаниянын негизги атаандашы болгон кореялык Samsung алдыга чыгып, Apple ишканасына зыян алып келүүсү мүмкүн экенин болжолдошууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!