Смартфон чыгарган компания банкротко учурады

2-Авг. 2017, Шаршемби

Британиянын “Vertu” компаниясы эң қымбат смартфондорду чыгарган бренд болуп саналат. Аталган компаниянын башчылары кредит бергендер менен келишимге келе албоодо. Компаниянын карызы 128 миллион фунт стерлингди түзөт. Бул тууралуу “The Financial Times” кабарлайт.

Компания Улуу Британиядагы фабрикасын жабууга мажбур. Андан улам 200 жакын адам жумушсуз калат.

Фабрика жабылганы менен Vertu брендин, технологиясын, дизайнын жана лицензияларын сактап калууга ниеттенүүдө.

Компания башчысы Хакан Узан келечекте компанияны кайра калыбына келтиремин деп билдирди.

“Vertu” компаниясын “Baferton” март айында эле сатып алган эле. Акыркы беш жылда компания башчылыгы үчүнчү ирээт алмашууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!