Жаңы “Apple Watch” смарт сааты чыгат

8-Авг. 2017, Шейшемби

“Apple” компаниясы “iPhone”суз өз алдынча жумуш иштеген “Apple Watch” чыгарат. Бул тууралуу “The Qazaq Times” маалымдады.

“Bloomberg” сунуштаган эсеп боюнча, жаңы смарт саат “LTE” мобилдүү желелерине кошула алат.

“Apple Watch” 2015-жылы чыгарылган. Азыр компания башчылыгы Европа менен АКШдагы провайдерлери менен смарт сааттын ушул жылдын аягына чейин сатууга, чыгаруу тууралуу келишим сөздөр жүргүзүп жатат.


“Apple” компаниясынын башчысы Тим Кук инвесторлорго арнаган сөзүндө «Apple Watch — дүйнөдөгү эң жогорку сатыкка ээ смарт сааты аталды», — деди.

Эми өз алдынча жумуш иштеген сааттын жардамы менен смартфон жок эле музыка жүктөп, түз эфирге кошулуу мүмкүндүгү аркылуу даректер менен маалыматтарды тез жана кайда гана болбоңуз бөлүшүүгө болот. Бирок сааттын зарядына байланыштуу бир катар кыйындыктар жаралуусу мүмкүн. Анткени ушуга чейин сааттагы бир катар татаал функциялар ага кошулган “iPhone”дун жардамы менен ишке ашып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!