Инстаграмда бир нече адамдан түз эфир

9-Авг. 2017, Шаршемби

Инстаграмдын колдонуучулары жаңы функциянын жардамы менен түз эфирге дагы башка колдонуучуларды кошо алышат. Бул тууралуу “life.ru” сайты билдирет.

Ал үчүн оң жактагы төмөнкү четинде орношкон керектүү баскычты басса ишке кошулат. Трансляция автору бир конокту өчүрүп, экинчисин кошо алат. Ошону менен бирге чакырылган конок өз эрки менен түз эфирден чыгып кете алат. Трансляция убагында эфир экинге бөлүнөт. Башка түз эфир учурундагыдай окурмандар менен көрөрмандар “лайк” басып, пикир калтыра алышат. Автор үчүн видео тартуу түз эфир аяктагандан кийин гана иштеп баштайт. Жаңы функция өзгөрүүлөргө кабылуу стадиясында. Бир нече айдан кийин толук ишке кошулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!