​Билл Гейтс “Instagram” тармагында

15-Авг. 2017, Шейшемби

“Microsoft” корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс “Instagram” тармагынан баракча ачты. Аны бир нече күн ичинде 179 миң адам көргөн.

Миллиардер койгон алгачкы сүрөттөр Билл жана Мелинда Гейтс фондунун Танзаниядагы бир мектепке кылган кайрымдуулугу учурунда тартылган. Алгачкы фотографиясына ал “Танзаниядан салам Instagram” деп жазган. Гейтстин бөлүшкөндөрүн 71 миң адам жактырган.

“Microsoft” корпорациясынын негиздөөчүсүнүн баракчасынан Ричард Брэнсон, Марк Цукерберг, Рожер Федерер, Шерил Сэндберг жана Майкл Блумберг сыяктуу белгилүү адамдарды көрүүгө болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!