Калкып жүрүүчү Күн электр станциясы чыкты

16-Авг. 2017, Шаршемби

Кытайдын чыгышындагы Аньхой провинциясындагы Хуайнань шаарында 160 миң күн панелине эсептелген Күн электростанциясы чыгарылды. Ал 15 миң үйдү электр тогу менен камсыз кылганга жөндөмдүү экенин “Жэньминь жибао” гезити жазды.

Аталган түзүм “Sungrow Power Supply Co Ltd” компаниясы тарабынан курулган. Кубаты 40 мегаваттка жетип, 86 гектарга жакын аянты ээлейт. Газета бул жайды дүйнөдөгү эң ири калкып жүрүүчү электр станциясы деп атаган.

Конструкторлор калкып жүргөн электр станциясы 25 жыл кызмат кыларын айтышкан.


Компаниянын жетекчисинин орун басары Сяо Фуцинь электр станциянын ишине учкучсуз түзмдөр көз салып турарын айткан. Ошондой эле бузулуу же башка көрүнүштөр байкалса жеринен сүрөткө тартып жиберерин кошумчалаган.

“The New York Times” гезити 5-июнда станция тууралуу жазды. Анда жергиликтүү бийлик мындай электр түзүмдөрүн көбөйтүүнү пландап жатканын жазган. Ошондой эле басылма мындай долбоорлорду ишке ашырууну Кытайдын жаңыланып туруучу энергия рыногундагы аракети катары баа берген.

Мындай тажрыйбалар климатка терс таасирлерин азайтууну көксөгөн өлкөлөрдүн Пекин менен өнөктөш болуусуна шарт түзөөрү болжолдонууда. Калкып жүргөн станцияны Япония, Тайвань, Вьетнам, Сингапур жана башка мамлекеттерден делегациялар көрүп кетишкен. Эми “Sungrow” компаниясы чет өлкөлөргө сатуу үчүн технологияны лицензиялоо аракетин көрүп жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!