“iPhone SE” келерки жылы сатыкка чыгат

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

“iPhone SE” смартфондору былтыркы жылдын март айында сунушталган. “Apple” компаниясы эч качан кайсы бир моделдин сатыкка чыгаары тууралуу маалымат таратпайт. Бирок бул аппарат көпчүлүктүн кызыгуусун арттыргандыгына байланыштуу сатыкка чыгаары айтылууда.

Атап айтканда, көптөгөн рыноктордо жаңы түзмөктөр тууралуу айта турган болсок, абдан жеткиликтүү “iPhone” болуп саналат. Андан улам “Apple” бул моделин өзгөртөөрүнө шек жок.

Акыркы маалыматтарга таянсак, бул түзүм келээрки жылдын башында сунушталат. Белгилүү болгондой, “Apple”дын негизги өнөктөштөрү болгон “Wistron” компаниясы “iPhone”дун жаңы моделинин чыгуусуна байланыштуу Индияда өндүрүүнү күчтөндүрүүгө даярданууда.

Маалыматтар боюнча, жаңы “iPhone SE” 4-4,2 дюйм экран диагоналына, “SoC Apple A10”, 1700 мА•ч өлчөмдөгү аккумулятор жана 32 ден 128 ГБ флэш-эс-тутумга ээ болот.

“Apple” Индиядагы өзүнүнүн үлүшүн эки эсеге өстурүүнү көздөөдө. Ал эми ал үчүн кол жетимдүү моделдеги аппараттарды чыгарууда. Жаңы “iPhone SE” 400 доллардан кем эмес баада сатылаары айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!