“Instagram” эки видео берүүлөрүн сынап жатат

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

“Facebook”ка таандык “Instagram” кызматы жаңы функциясы биргелешкен түз берүүлөрдү текшере башталганын жарыялады. Алар көрүүчүлөр эки “эфирди” көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Түз алып берүүлөр аркылуу достор менен баарлашуунун кызыктуу түрү бирок, бүт дүйнө менен "жалгыз" калган да бушайман кылат. Жаңы функция эч кыйынчылыксыз эфирге кошумча конокту кошууга жол ачат жана мурункудай эле көрүүчүлөр "Like" басып билдирүү калтыра алышат.

Түз эфирден чыгуу үчүн алгач өзүңүз ачышыңыз керек, андан соң гана ага конокту алдынкы оң жактагы жаңы эки “быйтыкча” баскычты басуу менен кошо аласыз. Андан кийин гана көрүүчүлөрдүн экранында эфир экиге бөлүнүп түз алып берүү ишке кошулат. Түз эфирде “конокту” каалаган убакта башкасына алмаштырууга да болот. Берүү бүткөндөн кийин, аны "тарых" баракчасына жүктөп бир сутка бою көрөрмандар менен бөлүшө аласыз.

Жаңы функция аз сандагы колдонуучуларга гана кол жетимдүү болууда, бирок “Instagram” өкүлдөрү бир нече айдан кийин ал баардыгына жеткиликтүү болуурун убада кылышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!