“Facebook” телевидениеге чабуул жасады

22-Авг. 2017, Шейшемби

“Facebook” коомдук тармагынын жаңы видеошоусу "Watch" ("Байка") деп аталган бөлүмү пайда болот. Анын негизги милдети болуп- аудиторияны кармап туруу, өзгөчө жаштарды жана буга чейин сыналгыда гана көрсөтүлгөн жарнамалык бюджеттерди тартуу болуп саналат.

“Watch” бөлүмү жаыкнкы аралыкта АКШда тесттик түрдө сыноодон өткөрүлөт. Ал “YouTube” , “Netflix” жана кабельдик жана эфирдик телевидениеге атаандаш катары чыгарылмакчы. Ал сайта мурдатан болуп келген (бирок россиялык үлгүдө болбогон) "Видео" бөлүмүндө орун алып, көрөрмандарды көп убакыт жана сактап коюп кайтып келип көрүүгө мүмкүндүк ачат.

Эгер мурда “Facebook”тагы видео роликтер кыска жана колдонуучулар тарабынан тартылган болсо, ал эми “Watch” бөлүмүндө кесипкөй адистер тарабынан тартылган программалар: сериалдар, реалити-шоулор, күлкүлүү роликтер камтыйт. “Facebook” алардын кээ бирөөлөрүн тартууда өзү каржылайт. Бөлүм көрөрмандар ага кирип, дароо өздөрү сүйүп көргөн программаларынын жаңы чыгарылыштарына күбө болгудай долбоорлонууда.

“Facebook” "менчик" коомдук курамдын бөлүгү болгон “Watch” бөлүмү “Netflix” жана “YouTube”дан айырмаланып, колдонуучуга тажрыйба топтоого жардам берет. Колдоонучулар достору менен дал убактысында тасмаларды талкуулап жана алардын контагындагылар эмне көрүп жатканын биле алышат. Кээ бир программалар "көп көрүлгөн" же “эмне күлдүрөт" категорияларында алдыга жылдырууга мүмкүндү түзүлөт.

Колдонуучулар менен адистер коомдук тармакта көбүрөөк видео тартууга жана жарыялоого шыктандыруу үчүн, “Facebook” жарнама аркылуу видео монетизациялоо долбоорун кеңейтүүгө убада берди. Бул долбоордо видеоматериалдарда көрсөтүлгөн жарнамалык кирешелердин үлүш алардын авторлоруна тиешелүү болот. Бирок азырынча бул монетизация тандалма видеопродюсерлерге гана кол жетимдүү болот.

Дүйнөдөгү эң ири социалдык тармак видеого адистешкен “YouTube” жана башка онлайн аянтчалар менен атаандашууну көздөйт. Мунун себеби- жарнамалык бюджеттерди салтуу телевидениеден онлайн режимине алмаштыруу болуп саналат.

"Facebook"тун үмүттөнгөнү жаңы бөлүм сайтта же болбосо колдонмодогу орточо убакытты жогорулатууга жардам берүү. Бир күндө бир сааттан аз болгон (YouTube мобилдик колдонмосунан пайдалануунун суткалык орточо узактыгы), (Facebook расмий маалыматтарды тарата элек) болуп саналат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!