“iPhone”ду тез кубаттоо сыры аныкталды

23-Авг. 2017, Шаршемби

Адистер “iPhone” телефонунун сырдуу фунцияларын жарыялашты. Бул тууралуу “VistaNews.ru” кабарлады.

Адистер “iPhone” аппаратынын тез кубаттандыруу ыкмасы бар экенин айтып чыгышты. Ал үчүн “Apple” компаниясы өндүргөн планшеттерге арналган кубаттоо аппаратын колдонуу керек. Тез кубаттандыруунун дагы бир ыкмасы баардык кошумчаны тазалап, программаларды өчүрүү керек. Бул ыкма аркылуу кубаттандырууну кем дегенде 30 пайызга жеңилдетет. Ошону менен катар, экрандын жанындагы сырдуу баскычтар бар. Алар телефондогу музыка менен сүрөттөрдү алдыга же артка жылдыруу үчүн пайдаланылат. Ошол баскычтар аркылуу камеранын жарыгын кошуп өчурүүгө болот экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!