“Galaxy Note 8” смартфону тааныштырылды

24-Авг. 2017, Бейшемби

Кечээ, 23-август күнү Нью-Йорк шаарындагы “Galaxy Unpacked” иш-чарасында “Samsung” компаниясы расмий түрдө жаңы сериядагы “Note — Galaxy Note 8” смартфонун сунуштады. Жаңы гаджеттин презентациясы “YouТube”дагы “Samsung Mobile” каналында көрсөтүлдү.

Смартфон 6,3 дюймалык диагонал экраны менен жабдылган, ал “Samsung” сериясындагы эң ири фаблети болуп саналат. Гаджет 2960х1440 пикселдүү жана мындан сырткары 12 мегапикселдүү негизги оптикалык турукташтыруучу жана 8 мегапикселдүү фронталдуу камералар жабдылган.


“Galaxy Note 8” 8-ядеролуу процессор “Exynos 8895” ээ, 6 Гб оперативдүү, 64 жана 128 Гб ички эс тутуму бар. Түзмөк чаң жана суудан коргоого, манжа издерин жана көздүн карегин сканерлөөчү биометриялык аутентификацияга ээ.

“Galaxy Note 8” менен бирге стилус “S Pen” да болот. Сатыкка смартфон сентябрь айларынын орто ченинде – кара, көк жана сары түстө чыгат. Алдын ала тапшырык азыртадан эле “Samsung”дун сайтында мүмкүн болууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!