“iPhone 7” смартфонуна суу кирип кеткен учурда...

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

“Reddit” ниги менен тиркелген колдонуучу “iPhone 7” жана “iPhone 7 Plus” смартфондорунун жаңы системасын тапты. “Apple” компаниясынын акыркы чыгарылыштарынын бири ичине суу кирип кеткен учурда тазалай алат”,-деп жазат «Российская газета».

«Мен жуунган учурда музыка укканды жактырам. Ошол кезде телефон сууга түшүп кетип, динамигине суу кирип кеткен. Анын айынан добушу акырын чыгып калды. Ошол кезде мен суу бууга айланып кетүүсү үчүн динамигин спирт менен сүртүп көрдүм, бирок ал оюм ишке ашкан жок», - дейт смартфон ээси..

Ошол кезде мен сууну айдап чыгаруу үчүн дыбышты пайдаланууну эп көрдүм. Менин белгеним боюнча, резонанстык жыштык 165 Гц курайт. “Sonic” кошумчасын бекер бастыруу аркылуу, мен музыканы кошкон кезде дыбыш динамиктен сууну өзү айдап чыкты. Ошол замат сууну кургак чүпүрөк менен сүртүп таштаңыз”,-деп кеңеш берди колдонуучу.

Ушул билдирүүнүн алдына колдонуучулар да дал ушул ыкманы “Apple Watch” сааттарына кодонууга да болоорун жазышкан. Пикир калтыргандардын бири мунун кандай ишке ашаарын видеого тартып көрсөттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!