“Facebook” кимдин кай жерде экендигин билет

5-Сен. 2017, Шейшемби

“Facebook” компаниясы дүйнөдөгү 4 миллиард элге интернеттин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу демилгесинин негизинде Жердин алыскы бурчунда жашаган 23 өлкөдөгү колдонуучулардын дареги тууралуу маалыматтарды иштеп чыкты. Система чамасы менен 5 метрге чейин тактыкта адамдын турган жерин аныктай алат.

Стратегиялык инновациалык өнөктөш жана маалымат булактарынын жетекчиси Джианна Льюистин билдирүүсү боюнча, карта мамлекеттик каттоодогу маалыматтарды, спутниктен тартылган сүрөттөрдү, ошондой эле картаграфиялык технологияларды эске алуу менен түзүлгөн. Компаниянын максаты – адамдар жерде кандай тыгыздыкта жашаарын түшүнүү, андан кийин интернет- байланыш боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо: жер, аба же космостон келген.

Карта, мисалы, “Facebook”ка 23 өлкөдөгү калктын 99 пайызы, 63 км алыстыктагы шаарларда жашап жатканын билүүгө жардам берди. Адамдардын 44 пайызы шаарларда жашайт. Бул маалымат менен бирге, компания 23 өлкөдөгү калктын 99 пайызы үчүн жогорку ылдамдыктагы интернет байланышын камсыз кыла турган 63 км алыстыктагы технологияны түзө алат.

"Спутник биз үчүн чоң мааниге ээ. Биздин маалыматтарда белгилүү болгондой, мыкты байланышты түзө турган жол бул- асман” - деди Льюис.

Интернет байланышын кыйын аймактарга жеткирүү үчүн “Sonnectivity Lab” изилдөө лабораториясы 2014-жылы түзүлгөн. Демилге алкагында абадан интернет бөлүштүрүүчү дрон "Aquila”, “Terragraph” системасы аркылуу “Wi-Fi” сигналын "жеткирүү" иштелип чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!