“Apple” компаниясы смартфондорун сунуштады

13-Сен. 2017, Шаршемби, 13:21

“Apple” компаниясы Калифорнияда “iPhone 8” жана “iPhone 8 Plus” смартфондорун сунуштады. Корпорация өзүнүн сайтында тааныштыруу ишин онлайн-трансляция аркылуу жүргүздү.

"iPhone 8" жана "8 Plus" смартфондоруна "A11 Bionic" алты ядролуу процессор орнотулган. Анын аркасында аппараттын кызмат көрсөтүү ылдамдыгы арткан. Ошондой эле Retina HD дисплейи жаңы стереоколонкалары,12 мегапикселдүү камералары бар.

"Apple" компаниясынын өкүлдөрү маалымдагандай, “iPhone 8”ге эң жакшы айнек орнотулган, анын үстунө, суу жана чаң өткөрбөгөн жөндөмү сакталган. Түзүмдөдү зымсыз, токко кошпой кубаттандырууга болот. Байланыш куралы 22-сентябрдан тартып, “iPhone 8” 700 доллар ал эми “iPhone 8 Plus” 800 доллардан сатыка чыгат.

Мындан сырткары “Apple” корпорациясы презентациянын бир бөлүгү ирээтинде “Apple Watch” сааттарын таныштырды.

“Apple Watch Series 3 LTE”ди колдоочу уюлдук модулга ээ. Ушундайча, саатка “iPhone” телефонуна байланбай, коңгуроо чалып, музыка жүктөөгө болот.

Гаджеттин экраны да антена болуп жасалгандыгына өзгөчө көңүл бөлүнгөн, ошондуктан “Apple Watch” мурунку урпактарына караганда көп деле өзгөргөн жок. Саат “Apple W2” жаңы процессорду алды, ошондуктан алар акыркы чыгарылышка караганда 70 пайыз жемиштүү. Буга кошо, корпустагы “Digital Crown” түймөгү кызыл түс менен боёлгон.

Түзүм 22-сентябрда сатыкка чыгат. “LTE” нускасы 400 доллардан, уюлдук модулсуз 330 доллар турат. Ошондой эле сатыкта биринчи муун саттары да болот, алардын баасы 250 доллар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!