“Iphone 8” жана “Iphone 8 Plus”тун айырмачылыктары

14-Сен. 2017, Бейшемби, 15:29

“Apple” компаниясы кезектеги жаңы өндүрүшүнүн тушоо кесүүсү өттү. Анда “Aplle”дин бир нече түзүмдөрү тааныштырылып, акыркы көптөн куткөн “Iphone 8” менен “Iphone 8 Plus” смартфонуна токтоду. Ошону менен журтту таң калтырууга тырышкан компаниянын бул жолку өндурүшү эмнеси менен айырмаланат?

“Iphone 8” смартфонунун өзгөчөлүгү анын сырткы кабыгы айнектен куралган. Арткы камерасынын анык жана тунук тартуу мүмкүндүгү жогору. Үч түрлүү түстө чыгарылган: кара, күмүш жана ала кызыл. Суудан коргоочу кабаты менен да жабдылган. Экранда да өзгөрүш бар. Бул 4.7 4.7 display жана 5.5 display. Андан сырткары “True Tone display” технологиясы менен өзгөчөлүнөт. 6 ядролуу процессор менен жумуш жасоочу “Iphone 8” смартфону аркылуу эми сиз 3D оюнун ойной аласыз. 12 МР камера мурдагыдан айырмаланып түрлүү түстөр кошулган.

“Iphone 8” жана “8 Plus” камералары келечекте укмуш деген фотоаппараттардын өзүн жолдо калтыруусу мүмкүн. Фотошоп аркылуу портретти кесип алууга аз дегенде жарым саат убакыт коротсоңуз, эми анын кереги жок. Себеби “Iphone 8” сиздин сүрөтүңүздөн арткы көрүнүштү автоматтык түрдө алып таштай алат. Эч кандай техникалык катасыз жузөгө ашырылат. Дагы бир өзгөчөлүк жаңы смартфон аркылуу эми компастын жардамы менен эми жылдызга кароонун кереги жок. Телефонду жогору көтөрүп, асманга каратсаңыз сизге жылдыздар, сизге топ жылдыздардын аталышын жана диаграммасын тузуп көрсөтөт.

Мүмкүн эмес дүйнөдө мүмкүн болчу ишти жасаган Apple компаниясы, акыры зымсыз кубатандыруу булагын ойлоп табышты. Эми Iphone 8 смартфонунун зымсыз эле кубаттандыруучу түзүмдүн үстүнө коюп кубаттандыра аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!