Дүйнөдөгү эң ылдам жүрүүчү унаа сунушталды

15-Сен. 2017, Жума, 11:26

Гиперкар “Aspark Owl” 100 километрге чейинки ылдамдыкты эки секундтан аз убакыт ичинде жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү 1000 кубаттуу электр кыймылдаткычы менен жабдыкталган.

Япониянын “Aspark” компаниясы Франкфурт автоунаа көргөзмөсүндө «Owl» электр гиперкар унаасын сунуштады. Аталган унаа дүйнөдөгү эң ылдам унаа болду деп кабарлайт Autonews.ru.

“Aspark” инженерлери акыркы үч жылда электр автомобилдерин чыгаруунун үстүндө иштеп келишүүдө. Унаанын курамында түтүктүү рамка жана композиттик материалдардан жасалган панельдер бар. Мындан сырткары, жаңы унаа магнийден жасалган ультра жеңил дискилер да орнотулган. Автоунаанын бийиктиги бир метрден ашпайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!