Карылар үчүн айдоочусуз автобустар

19-Сен. 2017, Шейшемби, 14:38

Нисиката (Токиги шаарынын карамагындагы айыл) Токиодон 115 км чакырым алыс жерде орун алган. Айыл калкынын үчтөн бир бөлүгү улгайган адамдар. Ал эми автобустар менен айдоочулардын саны чектелүү болгондуктан, алар үчүн керектүү жерге жетүү кыйын.

Айылда ушул маселени чечүү үчүн алты орунду, айдочусуз "Robot Shuttle” унаасы сыналды. "DeNA” компаниясынын аталган унааны сентябрь айында сынап баштады. Сынакта адамдарды медициналык кызмат көрсөтүү үчүн, атайы станциядан муниципалдык аймакка жеткирди.

Автобус ар түрдүү жол кырдаалдарынан сыналууда. Мындан тышкары, адамдын унаанын алдында өтүп бара жатып, эскертүү сигналына кандай реакция кылаары текшерилди.

Тест жыйынтыгы боюнча, япон өкмөтү ойдоочусуз унаалар үчүн маршрутун аялдамаларын автомагистралга которуу жөнүндө чечим кабыл алат. Балким, жакын арада карыялар дүкөндөргө, банктарга, ооруканаларга жана башка жайларга баруу үчүн бул кызматты колдонуу мүмкүндүгү жаралат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!