“iOS 11” качан чыгат?

19-Сен. 2017, Шейшемби, 15:55

Үч ай мурда “Apple” “iPhone” жана “iPad” ээлерине (ошону менен бирге “iPod Touch 6”) “iOS 11”де чоң өзгөрүлөр менен көптөгөн жаңылык болоорун убада кылган эле. Мына мынтип ал күн да келип отурат.

“iOS 11” – бул “iPhone” жана “iPad” үчүн жаңы мобилдик операциялык система. "IOS 11” расмий чыкчу күнү – 2017-жылдын 19-сентябрына белгиленген. Аталган системада көптөгөн жаңыланууларды байкоого болот. Анын ичинде жаңы дизайндагы “App Store”, кайрадан иштелип чыккан башкаруу системасы, жакшыртылган Siri жана башкалар. “iOS 11” “iPhone 5 / 5c” жана “iPad 4”төн тышкары “iOS 10” орнотууга мүмкүн болгон баардык түзүмдөрдү колдойт.

Дизайн

“IOS 11” расмий анонсго чейин, “Apple” өзүнүн мобильдик операционлык системасынын сырткы көрүнүшүн толугу менен өзгөртөт деген сөздөр болгон. Учурдагы толук өзгөрүүлөргө байланыштуу, өкүнүчтүүсү андай болгон жок. Бирок, “iOS 11” интерфейсинин кээ бир элементтери өзгөргөн.

“iOS 11”ге “Apple”дин дизайнерлери калың шрифттерди пайдалана баштады. Түзүмдүн “iOS 10”дун «Музыка» тиркемесиндегидей баардык стандарттуу тиркемеде шрифт кара жана калың болуп алмашылган.

Башкаруу бөлүмү

“IOS 11”де “Control Point” толугу менен кайра ойлонуштурулган. “IOS 11” деги жаңыртылган башкаруу бөлүмү “iOS 10” сунуштаган үч бөлүк эмес, бир экран болуп жаңыртылды. Башкаруу бөлүмү тегерек формадагы белгилери толугу менен жаңы көрүнүш алды. Жаңыртылган менюда желе параметрлерин, музыкалык башкаруу элементтерин, добуш деңгээли жана жарыгын өзгөртүүгө арналган функциялар , ошондой эле кулпулоого арналган бир нече баскычтар бар.

“IOS 11”дин орнотууларында атайы бөлүм пайда болду. Анда колдонуучулар ар түрдүү элементтерди башкаруу бөлүмүнө кошуучу атайы бөлүм бар. Төмөндөгү опцияларды кошууга болот:

Фонарик

Таймер

Калькулятор

Камера

Универсалдуу кол жеткизүү

Будильник

“Apple TV”ны башкаруу

Унаа айдаган учурда алаксытпаңыз

Гид-бөлүм

«Үй» кошумчасы

Төмөн кубат режими

Лупа

Эскертүүлөр

Экранга жазуу

Секундомер

Текстин өлчөмү

Добуштук эскертүү

“Wallet” тиркемеси

“IOS 11” системасын кантип орнотуу керек?

2017-жылдын 19-сентябрында “Apple” компаниясы “iOS 11”дин акыркы нускасын чыгарат. Чамасы менен Москва убактысы менен 20:00до баардык колдонуучуларга орнотуга мүмкүн болот. Качан гана релиз ишке ашкан кезде , “iOS 11”ге кошуу үчүн меню кирип, “Орнотуу” (Настройки) → «Жалпы» (Основные) → “Жаңылоо” (Обновление ПО) → басып, анда пайда болгон жаңылоону жүктөй баштаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!