“Google” компаниясы “Apple”ге канча төлөйт?

25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 14:13

Жыл сайын “Google” компаниясы смартфон рыногундагы өзүнүн башкы атаандашы болгон “Apple”ге i-курулгулардагы издөө системасынын бөлүшү үчүн миллиард доллар төлөп келет. “Bernstein” аналитикалык фирмасынын айтуусу боюнча, бул жылдын лицензиялык төлөмдөрнүн суммасы 3 миллиард долларды түзгөн. Аталган сумма 2014-жылга караганда үч эсе көп.

“Соттук документтерде көрсөтүлгөндөй, “Google” 2014-жылы “Apple”ге 1 миллиард доллар төлөгөн, ал эми “Google”дун 2017-жылдагы каржы төлөмдөрү 3 миллиард долларга жетүүсү мүмкүн», - деп кабарлайт "CNBC”.

“Google”дын төлөмдөрү “Apple”дин жалпы операциялык пайдасынын 5 пайызын түзөт.

Эксперттер “Google” компаниясы убактылуу «салык» төлөйт деп билдиришет, эгер компания анын издөө системасы “iPhone” ээлеринин арасында суроо-талапка ээ болооруна ишенимдүү болгон учурда, ал баардык лицензиялык салыктарды төлөөдөн баш тартуусу мүмкүн.

Экинчи жагынан, Сакконагинин билдирүүсү боюнча, “iOS” гаджеттеринин өндүрүүчүсү менен болгон ынтымакташтык “Google” үчүн өтө пайдалуу. “Google” компаниясына чамасы менен 50 пайыз киреше тиешелүү. Бул издөө системасы үчүн “Apple” менен болгон мамиледен баш тартуу кыйын болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!