“Apple” компаниясы “Toshiba”ны өзүнө каратмакчы

26-Сен. 2017, Шейшемби, 12:16

Америкалык “Bain Capital” компаниясынын жетекчилиги менен “Apple Inc.” компаниясы кирген инвестициялык консорциум “Toshiba” корпорациясынын чип чыгаруучу “Toshiba Memory” өндүрүш бөлүмүнө 18 миллиард доллар сунуштоодо.

Консорциумда атаандаштык жаратуучу бул АКШнын “KKR & Co” жеке капиталы жана “Western Digital Corp” болуп саналат.

Консорциум менен “Toshiba”нын узак сүйлөшүүлөрү тараптардын Япониядагы катуу дисктердин өндүрүшүн көзөмөлдөөчү үлүшү тууралуу келише албай жаткандыгы менен байланыштуу.

“Toshiba Memory” департаменти “iPhone” жана “iPod” түзүмдөрү үчүн керектүү чиптерди өндүрөт. Ушундайча “Apple” япондук компаниядан жеткирүүлөрдү сактап калууну пландоодо. “Apple”ге бул келишим абадай керек, себеби чиптин өндүрүшү негизги атаандашы болгон –“Samsung Electronics Co” алдыга өтүп кетпеши үчүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!