“ Instagram” колдонуучулар көбөйүүдө

27-Сен. 2017, Шаршемби, 13:48

“Instagram”дын активдүү колдонуучулардын саны айына 800 миллионго жетти деп кабарлашууда. Ушул маалыматка шайкеш “Instagram”дын күнүмдүк колдонуучуларынын саны 500 миллион. “Facebook”тун карамагындагы “Instagram” 5 ай ичинде активдүү колдонуучулардын санын 100 миллиондон ашырды. “Facebook”, “Instagram”га 2012-жылы 1 миллиард доллар бөлгөн.

Бул “Instagram Stories”тин өзгөчөлүгүнүн аркасында өсүүдө. Алты жаштагы “Instagram”дын окуялары 13 ай мурда 500 миллион айына, ал эми күнүнө 300 миллион колдонуучусу бар эле. Бир жылдан кийин бул көрсөткүч 160 пайызга жетти. “Instagram” ошону менен бирге эки ай сайын колдонуучулардын санын эсептей баштады.

“Teknoblog.com” сайтынын маалыматы боюнча, “Instagram”дагы укмуштуудай сандар- бул күнүмдүк колдонуучулардын саны. Күн сайын колдонуучуларды туруктуу түрдө кармап туруу кыйын, бирок күнүмдүк окуялар аркасында адамдар “Instagram”га кирип туруу кажетүүлүгүн сезип калышты. Анткени алар бир күндө бир жолу ачылбаса, алардын күндөлүктү достору тууралуу аңгемелер жоюлат. Бул кандай да бир колдонуучуну жибергиси келбеген колдонуучулар үчүн мотивация болуп табылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!