“Google”дан акылдуу сааттар

16-02-2017

Американын ири компанияларынын бири болгон “Googlе” 2017-жылы эки жаңы акылдуу сааттарын чыгарарын жарыялады. “Google” маркасында чыга турган акылдуу сааттар "премиум" сигментинде болоору айтылууда.

“Google” “Android Wear” өндүрүшүнүн башчысы Джефф Чангдын билдирүүсү боюнча “Googlе” эки жаңы жогорку деңгээлдеги акылдуу сааттары алдыдагы жылдын биринчи чейрегинде таанытылат. Чанг жаңы сааттар “Android Wear 2.0” байланыш системасында да колдонулуучу алгачкы аппарат болоорун билдирди.
“The Verge” журналына берген маалыматта “Google”дун акылдуу сааттары “Pixel” жана “Google” маркасын эмес, белгилүү болбогон бир өндүрүштүн атын алат. Бул өндүрүштүн ким болоорун белгилүү болбосо да “Nexus” сериясында болоору божомолдонууда.

Январь айында акыркы анализдер жүргүзүлүп бүткөн соң, март айында аппараттын чыгышы жана сатыкка коюлушу күтүлүүдө.

2014-жылы тез жайыла баштаган жана түбү 1999-жылдан бери келаткан акылдуу сааттар өзгөчө акыркы эки жылда бийик деңгээлге чыкты. Андан бери “Samsung”, “Apple”, “LG”, “Motorola”, “Asus” сыяктуу компаниялардын товарлары да чыга баштады. Бул жылдарда тегерек экраны менен “Motorola” алгачкылардан болуп, акылдуу сааттар кандай болоорун көрсөткөн. “Motorola”дан кийин баардык өндүрүүчүлөр кадимки сааттар сыяктуу тегерек экрандуу сааттарды чыгара башташты.

Учурдагы акылдуу сааттар

Азыркы учурда өзгөчө “Samsung” “Gear S2” жана “Gear S3” акылдуу сааттарынан “Gear S3” модели чоң ийгилик жаратты. “Apple” “Samsung”га караганда жогорку жана баасын төмөндөтпөстөн аз сатууда.
“MWC’17” акылдуу сааттарын кайсы компания чыгарары бегисиз болсо да жакынкы убакта сунушталмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!