Учуучу мотоцикл сунушталды

2-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:06

«Калашников» концерни учуучу мотоцикл кураштырды.

Россиянын Аскердик курал-жарак өндүрүүчү ишканасы өзүнүн жаңы өндүрүшү болгон - учуучу мотоциклди тааныштырды. Бул тууралуу «Калашников Медиа» порталы жарыялады.

Порталда жаңы унаанын видеосы жарыяланганы менен, анын мүмкүндүктөрү тууралуу маалымат айтылган эмес. Маалымат булактарында мультикоптердин негизинен адамдарды ташууга арналганын кабарланган.

Аппарат азырынча колдонууга чыгарылган жок, жөн гана сыноодон өтүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!