Айдоочу орундук так ортосунда орун алган унаа

5-Окт. 2017, Бейшемби, 16:53

Жаңы унаа «”McLaren” тарыхындагы эң ылдам журүүчү авто» атанат.

“McLaren Automotive” компаниясы жаңы гиперкардын тестик прототибин көрсөттү. Азырынча “BP23” (“Bespoke Project 2”, аталышындагы эки саны салондун жабдыкталуусун, тагыраагы үч орундуу экенин билдирет) коддук аталышка ээ болгон унаа “720S” үлгүсүнүн негизинде кураштырылган.

Бул британиялык автомобилдин аты аңызга айланган “F1”ден кийинки айдоочунун отругучу так ортодо орун алган эң алгачкы унаа болуп саналат. Бул тууралуу “Мотор” сайты билдирет.

Компания «McLaren тарыхындагы эң ылдам авто» деп атаган жаңы унаа эшиктери жогору карай ачылып, ал «эң үздүк соңку аэродинамика менен», толугу менен карбондолгон техника менен, 1+2 отургуч формуласы менен жана кубаты 1000 аттын күчүнөн ашкан гибридди күч менен жабдыкталган.

Гиперкар бар болгону 106 дана гана чыгарылат. Алардын баардыгы да сатылып жетишкен. Баасы-чамасы менен 1,62 млн фунт стерлинг (1,9 млн евро). Унаа ээлери аны 2019-жылы гана кол жеткире алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!