Куйругу бар робот-жаздык

6-Окт. 2017, Жума, 15:41

Япониянын “Yukai Engineering” компаниясы куйругу бар робот-жаздык жасап чыгарды. Бул тууралуу “life.ru” сайты кабарлады.

Япондордун өнөр тапкычтары ойлоп чыгарышкан жаздык кадимки мышыктан айырмаланбайт. «Терапиялык робот» жалгыз бой адамдар, балдар менен карыялар үчүн өтө пайдалуу. Анын үстүнө тамак жебегенин эске алсак, бир аз акча да үнөмдөөгө болот. Аны сыйпаса, робот үй жаныбары сыяктуу куйругун кыймылдатат.

Азыр япон компаниясы робот-жаздыкты боз жана күрөң түстө чыгарууну пландашууда.

Робот-жаздык сатыкка 2018-жылдын жаз айында чыгат. Баасы – 100 доллар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!