“WhatsApp”та күтүлүүчү өзгөрүүлөр!

10-Окт. 2017, Шейшемби, 12:10

“WhatApp” мобилдик тиркемеси кабарлашуунун кошумча булагы жана күн сайын өз колдонуучуларынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө жол ачууда. Мына жакында күтүлүүчү 7 инновация.

“WhatsApp” тиркемеси узак убакыт бою жөнөткөн кабарларды болтурбоо боюнча жумуш жүргүзүп келет жана колдонуучулар бул мүмкүнчүлүктү чыдамсыздык менен күтүүшүдө. Ошентсе да “iOS” жана “Android” колдонуучуларына башка дагы жакшыртууларды турактуу түрдө сунуштап келет.

“WhatsApp” бири-биринен ишкерлик менен карым-катнашты бөлүүчү “Business” платформа чыкты. Албетте бул менен анын мүмкүндүктөрү чектелип калбайт.

Текшерилген кесип орундары:

“WhatsApp Business” өзүнүн кардарлары менен алгылыктуу карым-катнаш жасоо жолун, жеке профилдерди жана “Twitter” менен “Instagram”ды текшерет. Ал үчүн көк титке окшош кадамдар берилет. Бул тажрыйба спам менен алдамчылык мүмкүнчүлүгүнө каршы-күрөшүү чаралары болуп саналат.

Жаңы реставрациялар

“Facebook Messenger”ден үлгү катары “WhatsApp”тын жумушчу тобу интерфейсине чоң наклейкаларды топтоого аракет кылышууда. Көп өтпөй “Android” жана “iOS” платформаларында колдонуучулар досторуна жана үй-бүлөсүнө наклейкаларды жөнөтө алышат. Бул мүмкүндүктүн жалгыз кемчилиги – “Messenger” программасындагы схемалар ошол эле жол менен көчүрүлөт.

Жаңы быйтыкчалар дизайны:

“WhatsApp” быйтыкчаларды башынан аягына чейин өзгөртүп чыгат. Алардын жалпы көрүнүшү чоң көздөр менен айкын сызыктар менен айырмаланат. Сырттан караганда чоң өзгөрүш катары саналбашы мүмкүн, бирок телефон аппараттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу аларды да өзгөртүү каралууда.

Бизнеске арналган атайы логотип:

“WhatsApp” салттуу жашыл логотиби платформанын бизнес нускасында чакан, бирок радикалдуу өзгөрүштөр күтүлөт. Бул кандайча ишке ашары белгисиз, бирок эгер сиз эркин колдонушка ээ болсоңуз, бул өзгөрүш милдеттүү түрдө байкалат.

Караңгы режим:

“WhatsApp” интерфейсинде түстүү өзгөрүлөр деген божомолдор бар болчу. Ошентсе да жаңы флагмандык смартфондордун экраны чоңойгон сайын, колдонуучулар начар жарык режиминде жумуш алып барышат. Ошондуктан “WhatsApp” командасы тажрыйбага киргизилген түнкү режимде жумуш иштей баштайт.

Белгисиз номерлерге байланыштуу маалымат:

Колдонуучулар белгисиз номерден кабар алган кезде визиткаларды автоматтык түрдө көрөт. Бул контакт картасы ошол адам тууралуу ар түрлүү маалыматты камтыйт. Ушундайча маалыматты алагандар каршы тарапты оңой тааныйт жана сүйлөшүүнү андан ары улантуу тууралуу чечим кабыл алат.

“Andorid” үчүн “Oreo” сүрөт режими:

Башка алты функциядан сырткары “Android Oreo” түзүмдөрү “WhatsApp” үчүн “сүрөт ичинде сүрөт” мүмкүнчүлүктү ээ болот. Ошондуктан, кошумча мүмкүнчүлүктөрдү карап жатып, “WhatsApp”ты өчүрбөстөн кат алышууну уланта алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!