“Telegram”дын орусчасы пайда болду

12-Окт. 2017, Бейшемби, 13:29

“Telegram”дын орусча нускасы пайда болду.

Бул тууралуу “Telegram”дын негизги уюштуруучусу Павел Дуров маалымдады. Мобилдик тиркеме жаңылагандан кийин “Telegram”дын орусча нускасын пайдаланууга болот.

«Эми “Telegram”дын интерфейсине орус жана украин тилдеринде да кол жеткизүүгө болот. Анын орусча нускасы пайда болду», - деп жазган Павел Дуров.

Эскерте кетсек, “Telegram” тиркемеси 2013-жылы пайда болгон. Бирок бүгүнкү күнгө чейин анан орусча нускасы болгон эмес. Тиркемени “AppStore” жана “Play Market” дүкөндөрү аркылуу жаңылай аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!