Дүйнөдөгү эң көп сатылган смартфон

13-Окт. 2017, Жума, 14:00

2017-жылдын биринчи жарымында дүйнөдөгү эң көп сатылган смартфон “iPhone 7” болду. Бул “IHS Markit” сурамжылоосунун эсеби боюнча маалымдалды деп билдирет “Phonearena”.

Экинчи эң белгилүүсү болуп “iPhone 7 Plus” аталды. Ал эми “Samsung Galaxy Grand Prime Plus” үчилтиктин катарына кирди. Бул 540 дюймдук 960 пикселдүү уруксаты бар беш дюймдук смартфон 130 доллар турат. Ошондой эле, бешинчи орунду “iPhone 6s» жана «Samsung Galaxy S8” ээлеген.

Айта кетсек, быйыл «iPhone 7”нин өндүрүмдүүлүгү 2016-жылдын ушул маалында “iPhone 6”нын натыйжаларынан алда кайда начар болчу. Эксперттер жыл сайын “Apple”дин базардагы наркы азайганын билдиришти. 2015, 2016 жана 2017-жылдын биринчи жарымына салыштырсак, “iPhone” наркынын үлүшү 10 пайыздан 7 пайызга чейин, ал андан кийин 5 пайызга чейин төмөндөдү. Ушундай учур “Samsung”да да байкалады.

Тизмекке беш “Samsung”, төрт “Apple” жана кытайлык “Oppo” компаниясынан бир, жалпысынан он смартфон кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!