Гелендваген таптакыр чыгарылбай турган болду

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:38

“Mercedes-Benz G” унаалары 40 жылдан бери чыгарылып келет. Алгачкы сериядагы өндүрүш 1979-жылы башталса, азыркыга чейин Гелендвагендин 300 миң даанасы чыгарылган. Бул тууралуу “The Driver” басылмасы маалымдады. Быйыл кышта немистер эксклюзивдүү “Mercedes-Maybach G 650 Landaulet” унааларынын баардыгын сатып жиберсе, артынан “G 500 4×4²” унааларынын баардыгы сатылып кеткен. Бүгүнкүгө чейин Гелендвагендин акыркылары чыгарылып жатат. Акыркы модельдеринен ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин болгону 65 даана чыгат.

Унаанын баасы азырынча белгисиз. Соңку чыгарылышынын урматына унаанын модели “Mercedes-AMG — G 65 Final Edition” деп аталат. Жаңы унаалар 6 литрлүү “V12” кош турбиналуу болуп чыгарылууда. Унаа 100 км/саатты 5,3 секундда жургөнү менен, максималдуу ылдамдык 230 км/саатка гана чектелет. Жаңы унаанын мурдагыларынан айырмачылыгы интерьерде.

2018-жылы Кытайда электр унаа өндүрүшү бир миллион, 2020-жылы үч миллионго жетиши мүмкүн деген “BAIC Group” директорлор кеңешинин төрагасы Сюй Хейи. Бул тууралуу “Reuters” жазып чыкты. Кытай автоунаа өндүрүчүлөрүнүн ассоциацияcынын маалыматы боюнча, 2017-жылдын үчүнчү чейрегинде 424 000 жаңы унаа каражаттары чыгарылат. Анын ичинде гибриддик унаа 2016-жылдан 40,2 пайызга көп.

Сентябрда Кытай өнөр жай министрлиги бензин менен жүргөн автоунааларды өндүрүү жана сатууну токтотуу тууралуу маселени караштырып жатканын маалымдашкан. “BYD” электр унаасын чыгарган компаниянын башчысы Ван Чуанфунун билдирүүсү боюнча, 2030-жылы Кытайдын баардык унаа каражаттары электр менен жүрүшү мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!