Айдоочусу жок такси ишке кирди

24-Окт. 2017, Шейшемби, 14:33

Сингапурдун ишкерлик аймактарынын биринде дүйнөдөгү алгачкы робот-такси жумушун баштады. Анын айдоочусу болбойт. “nuTonomy” компаниясынын билдирүүсү боюнча, 25-августан тартып ар бир тургун смартфон аркылуу ушул таксини чакыра алат. Жол кире болсо беркер.

“nuTonomy” компаниясынын башкы максаты долбоорду сынап көрүп, аны өнүктүрүү үчүн керектүү маалыматтарды жыйноо.

“nuTonomy” компаниясынын башкы директору Карл Иагнемма: «Жыйналган маалыматтар 2018-жылы толук кандууу коммерциялык маршрутту ишке кошууга мүмкүндүк берет»-дейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!