Тамактарды басып чыгаруучу 3D принтер

27-Окт. 2017, Жума, 12:13

3D принтер басма технологияларынын жардамы менен азыркы күндө ар түрдүү тетиктер, көпүрөлөр жана керек болсо үйлөр дагы жасалууда. Бирок, технологиянын мындан дагы башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар жана ал тамак-аш тармагында да колдонулушу мүмкүн. Мындай ойду Иерусалимдеги Еврей университетинин окумуштуулары тамак-аш азыктарын чыгарууга арналган биринчи 3D-принтерин чыгаруу менен бекемдешти.

Ойлоп тапкычтар Одеда Шосейов менен Идо Браславскийдин айтуусу боюнча, мындай принтерлерди өндүрүү процесси анчалык деле кыйын эмес. Ал эми дүйнөлүк базарга чыгуусу үчүн кем дегенде 5 жылдан ашпаган убакыт кетет. 3D принтер чийки зат ирээтинде наноцеллюлозаны, белокторду, майларды жана көмүртектерди пайдаланат. Азыркы учурда принтер болгону камырды басып чыгара алат. Бирок изилдөөчүлөр өздөрүнүн принтерлери көптөгөн иштерди аткарууга мүмкүндүгү бар деп маалымдашат.

Нанокеллюлозаны окумуштуулар бир нече жылдан бери изилдөө жүргүзүп, ашказан бул заттарды жеңил эле сиңире алат деген жыйынтыкка келишкен. Наноцеллюлозанын өзү эч кандай жагымсыз реакцияларды пайда кылбайт. Келечекте эксперттер нанокеллюлозаны пайдалуу азыктар менен гана колдонбостон, ошону менен катар витаминдермен, микроэлементтер менен жана антиоксиданттар менен аралаштырат. Принтер лазеринин температурасынын таасиринен нанокеллюлоза ингредиенттерди байланыштырат. Бул учурда лазер менен басылган тамактын «салттуу» тамактан айырмасы болбойт деп кабарланууда.

Ойлоп табуучулардын өздөрү ойлогондой, алардын бул өндүрүшү өтө перспективалуу. Ашканада колдонуу менен катар, бул катуу диета кармаган диабетиктерге, вегетарианчыларга, кесипкөй спортчуларга, аллергиясы барларга жана башкаларга да жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!