Курт-кумурскадай болгон роботтор жасалууда

27-Окт. 2017, Жума, 14:42

АКШда Гарвард Университетинин изилдөөчүлөрү 2013-жылы чыгарылган “RoboBee” (Робот аары) жобосу боюнча “Science Robotics” журналында жарык көргөн макаланын жардамы менен даярдалган жаңы прототибин жарыялады.

Жаңы робот аары жерге конуп, сууга кирип чыга алат.

Салмагы 175 грамм болгон робот аары жарылгыч ракета системасы менен жабдылган. Робот суудан окси-суутек газын кетирүүгө жөндөмдүү эки электролиттик пластиналарын орноткон изилдөөчүлөр роботту күчүн жерге тартуу үчүн сууну пайдаланууга мүмкундүк берди.

Ойлоп табуучулар бул үчүн роботко газ кумарасын коюга туура келди, ошону менен сууда сүзгөн төрт тирөөч аспап орнотушкан. Бул алыстан башкаруу системасын табууну кыйындаткандыктан, робот алыстан башкарылбайт.

Жобонун жүрүшүндө изилдөөчүлөр айыл чарбада колдонууга мүмкүн болгон робот кызылчасын ойлоп табууну пландашууда. Ал аркылуу түрдү курт-кумурскаларга каршы дары чачууга мүмкүн болмокчу.

Алгач жобо боюнча робот прототиби жай учуп жана конуу программаларын аткара алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!