«Sputnik» менен «RT» жарнамасына тыюу салынды

27-Окт. 2017, Жума, 16:07

Компания чечими 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого «Россиянынын аралашуусу» боюнча жүргүзүлгөн тергөө негизинде кабыл алынды”,-деп кабарланат “РИА Новости” маалымат агенттигинде.

Америкалык “Twitter” дүйнөлүк желеси бейшемби күнү “RT” телеканалы менен “Sputnik” маалымат агенттигинин аккаунттарына жарнама жасоого тыюу салды. Компания өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, аталган чечим 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоодо «Россиянын аралашуусу» боюнча жүргүзүлгөн тергөө негизинде кабыл алынды.

«Чечим кабыл алуу бизге оңой болган жок, бирок бул Твиттер колдонуучуларын коргоо боюнча милдеттемелерди ишке ашыруу кадамы», - деди компания өкүлдөрү.

Бирок “RT” телекаланы бул айыптоолорду четке кагып отурат. Басылманын өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча, шайлоо алдыда желе платформасында жарнама жайгаштырууга “Twitter” компаниясы өзү сунуштаган.

Ал эми “Sputnik” башчылыгы агенттик Твиттерде төлөгөн жарнаманы эч качан пайдаланбаганын маалымдады.

“Twitter” компаниясы “RT” менен “Sputnik” дүйнөлүк желе эрежелери негизинде колдонуучу болуп кала берерин кошумчалады.

“Twitter”дин маалыматынан кийин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министирлиги америкалык желеге катыштуу жооптуу чара колдонууга убада кылды. Ал эми Журналистер бирикмеси Твиттердин бул кадамын сөз эркиндигинин негизги эрежелерин бузуу деп аташты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!