25 даана “IPhone X” менен кыздын колун сурады

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:07

Көптөгөн эркектер сүйлөшкөн кызынын колун сураганда өзгөчө сунуш киргизүүнү жактырышат. Кээ бирөөлөр кымбат балуу зер буюм берсе, кээ бири унаа жана башка белектерди беришет. Бирок Кытайдын Шэньчжэн шаарынын тургуну Чэнь Мин аттуу жигит өз сүйүктүүсүнө өзгөчө сунуш билдирди. “Apple” компаниясынын акыркы чыгарылыштарынын бири болгон 25 “IPhone X” смартфону менен жүрөкчө жасап, анын ичин гүл менен кооздогон. Ал эми роза гулдөрүнүн ортосундагы эң башкы белек шакек бар.

Жигит 25 гаджетке алдын ала тапшырык берип, аларды 3-ноябрда, тагыраагы Кытайдагы смартфондун расмий сатыкка чыккан күнү алган. Мындай сунушту анын достору да колдоп, жанында болушкан. Алар кыздын күмөнүн туудурбай, белгиленген жерге алып келүүгө жардам беришкен.

Дизайнер болуп иштеген Чэн өзгөчө белек бергенди жактырат экен. Ошол себептен анын сунушу кызыктуу болуусун каалаган. Сунуш билдиргенден кийин ал калган ашыкча смартфондорду бул иш-чараны уюштурууга жардам берген досторуна таратып берген. “iPhone Х” смартфону Кытайда 8388 юаньга сатылып жатат.

Демек Чэнь Минь сунуш жасоого 210 000 юань жумшаган. Ал 31 500 долларды түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!