“IPhone X”тин алгачкы күнү ийгиликсиз башталды

10-Ноя. 2017, Жума, 12:09

«Apple» корпорациясынын жаңы смартфонунун алгачкы сатылуу күнү ийгиликсиз башталды. “iPhone X”дин америкалык сатып алуучулар аны башында жандыра албай убара тартышты.

“Sprint”, “Verizon” жана “AT & T” америкалык операторлардон 1000 долларга сатып алган кардарлар смартфондогу көйгөйгө арыздана башташкан: экранды жандырган кезде смартфондо сервер жеткиликтүү эмес деп маалымдалган.

Ал эми россиялык сатып алуучуларга келсек, ал жакта эч кандай көйгөй жаралган эмес.

"Жаңы “iPhone X” аны чыгарган компанияны чыгымга учуратышы ыктымал”,- деп билдирүүдө массалык маалымат каражаттары. Аппараттын көрүнүшү эң сонун болгону менен ал кардарлардын талабына жооп бере албайт деген пикирлер айтылууда.

Эскерте кетсек, компания акыркы жылдары “iPhone”го көбүрөөк басым жасап жана ал кирешенин негизги булагы болуп келүүдө. Буга чейин компания бирден гана түзүм чыгарып келген болсо, 2017-жылы үч жаңы мобилдик каражат чыгарууга жетишкен.

Бул чечим гаджеттин сапатына таасир этүүнүн жакшы жолу болчудай эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!