“iPhone X” эмне себептен катып калууда?

11-Ноя. 2017, Ишемби, 11:08

Компания программалык жаңы нускасын чыгарууну пландаштырууда.

“Apple” компаниясы “iPhone Х” экраны суукта катып калып жаткан көйгөйгө кептелди. Себеби, ноль градус температурада анын иштөөсүндө проблемалар келип чыгып жатканын “dpa” билдирет.

Аталган көйгөйдү чечүү үчүн компания “iOS” программалык камсыздоонун жана жаңы үлгүүнү чыгарууга чечим кабыл алды. Бул туралы “Apple” компаниясынын өкүлү 10-ноябрда маалымдады.

“Apple” компаниясы өкүлүнүн маалыматы боюнча, жаңы “iPhone”дун дисплейи суук аба ырайында сезгичтигин жоготот экен. Ал эч бир командага жооп бербей катып калат да, бир аз убакыт өткөндөн кийин гана кайра иштей баштайт.

“Apple” бул көйгөйдүн себебин ачык айтпай жатат. Жаңы программа качан чыгары азырынча сыр бойдон калууда.

Эскерте кетсек, Социалдык түйүндөрдө колдонуучулар “iPhone Х”тин экраны суукка чыдабай катып калып жатканын айтып нааразычылыгын билдиришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!