“Facebook”тагы сүрөттөр күлүп турабы?

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:39

“Facebook” лайктарга адамдын өзү сыяктуу жооп берген «тирүү профилдерди» жасоону пландоодо.

“Facebook” колдонуучуларынын башкы сүрөтү «Гарри Поттер» фильминдеги «тирүү портреттер» сыяктуу кыймылдап турчу системасын ишке ашырмакчы. Фотосүрөттөр лайктарга жооп берип күлүмсүрөп, пайдалануучуларга ыраазычылыгын билдирип турат.

Фотосүрөттөрдү «тирилткен» долбоорду Тель-Абив университетинин изилдөөчүлөрү жасап чыгарган. Азырынча анын жумушун мыкты деп айтууга болбосо да, сурамжылоого катышкандардын жарымы анимацияны адамдардын чыныгы эмоциясына окшотушкан. Окумуштуулардын билдирүүсү боюнча, аталган долбоор күн өткөн сайын иштелип жакшыртылууда.

Дүйнөлүк желенин ачылыштары муну менен гана токтоп калбай алдынкы жылдары “Facebook”дагы сүрөттөр лайктарга ыраазы гана болуп койбостон, колдонуучулар жиберген билдирүүлөргө тирүү адам сыяктуу кыймылдап турушмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!