80 тилде которгон “Travis”

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:10

Краудфандинг платформалары кээде өтө пайдалуу түзүмдөрдү сунуштаганы менен кызыктуу. Мисалы, “Travis Translator” деп аталган түзүм 80 тилде сүйлөйт (20 офлайн + 60 онлайн). Башка тилдерди интернетке байланышуу менен “3G”, “Wi-Fi” аркылуу камсыз кылат. Ошону менен катар, сүйлөгөн котормочу кызыктуу системалар менен жабдыкталган.

Мобилдик котормочунун принциби өтө жөнөкөй - сиз микрофонго каалаган сөздү сүйлөйсүз жана ал добуштук котормону чыгарат. Ушундайча, туура сөздөрдү таба албай калганда адамдар менен сүйлөшүүгө болот. Түзүмдүн которгон деңгээли маектешүүдө бири-бириңизди түшүнүү үчүн жетиштүү болот.

Которуу жана добушту иштеп чыгууда төрт ядролуу процессор камсыз кылат. 240 × 240 пикселдүү сенсорлуу экран жана сенсордук башкаруу тактасы бар. Каалаган тилиңизди тандап, микрофонго сүйлөгөн кезде – “Travis Translator” ошол замат которуп берет.

Бул түзүмдүн пайдалуулугун көпчүлүк байка алат болуш керек. Бкл саякатта гана эмес, ошону менен катар күнүмдүк турмушта да колдонууга болот. 80 тилди үйрөнүүдө же “Skype” аркылуу чет жердеги достор менен сүйлөшүүдө. “Bluetooth” аркылуу гарнитураны же наушникти кошуу ыңгайлуу. Анын батареясы 12 сааттай офлайн жана 6 саат онлайн котормо режиминде болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!