“Instagram” колдонуучуларына жаңы мүмкүндүк

17-Ноя. 2017, Жума, 10:02

“Instagram” социалдык желесинин веб-үлгүсүндө «тарых» куруу жана карап чыгуу функциясы пайда болду. Айта кетсек, мурда мындай мүмкүндүктөр жалаң гана мобилдик колдонмолор үчүн жеткиликтүү болуп келген.

“Techcrunch” порталы белгилегендей, видео тарыхынын веб-үлгүсүн колдонуучулар гана караганга болоорун эскертишет. “Instagram” веб-үлгүсүнө «тарых» киргизүү бир нече этаптардан турат, анткени баардык колдонуучулар үчүн бул мүмкүндүк бир нече жумадан соң кол жетимдүү болот.

2017-жылдын январь айынын аягында «Instagram» «тарых» (Stories ) бөлүмүндө түз эфирге чыгууга мүмкүндүк берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!