“WhatsApp”тын дагы бир функциясы жаңыртылат

18-Ноя. 2017, Ишемби, 14:19

“WhatsApp” мессенджеринин куруучулары добушук кабарландыруунун жаңы функциясын сынактан өткөрүүдө. Ал буга чейинкисинен көп эле айырмаланмакчы. Бул жөнүнде “WABetaInfo” маалымдайт.

Сайт функция кандай иштей тургандыгы жөнүндө сүрөттөрдү жарыялады. Колдонуучу добуштук кабарды жаза баштагандан кийин, “WhatsApp” микрофон баскычынын ордуна жаңы калкып турган интерфейсти көрсөтөт. Бул учурда жарым секундан кийин колдонуучу үзгүлтүксүз жазуу режимине алмашат, түймөни басып турбастан сүйлөй алат.

Алдыңкы кабарларды жазуу учурунда түз көрүүгө болот. Ошентсе да сүрөттөр менен видеолорду үзгүлтүксүз жазуу режиминде көрө албайсыз, маалыматтарды жаза аласыз жана башка сүйлөшүү бөлүмдөрүнө алмаштыра алсыз. Антпесе, жазуу автоматтык турдө жоюлат.

Эскерте кетсек, “WhatsApp” мессенджерин “Yahoo!” компаниясынын мурунку кызматкерлери курган. “Android” онлайн дүкөнүндө эң көп жүктөлгөн беш тиркеменин бири. “WhatsApp” аркылуу күнүнө 700 миллион сүрөт, 100 миллион видео жиберилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!