2017- жылдын эң мыкты гаджеттери

23-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:48

“2017-жылдын эң мыкты гаджеттеринин рейтинги аныкталды”, - деп билдирет “Time” журналы.

Эң биринчи орунга япондук оюн приставкасы “Nintendo Switch” чыкты. Түзүмдүн 6,2 дюйм экрандуу планшети, ошондой эле түзүмдү стационардык приставкага айлантууга мүмкүндүк берген “Joy-Con” геймпады бар.

Эң жакшы техникалык жаңылыктардын экинчи катарында “iPhone X” турат. Эксперттердин айтуусу боюнча, кымбаттыгы жана сапатына катыштуу чыгымдарга карабастан, бул гаджет келечектеги смартфондор үчүн жаңы стандарт болду.

“Microsoft” корпорациясынын “Surface” ноутбугу алдыңкы үчилтикке кирди. Ал кооз дизайны жана батарея кубатынан үнөмдүүлүгү менен таанымал.

Ал эми төртүнчү орунда “DJI Spark” мини-квадракоптерине берген.

Бешинчи орунга эксперттер “Samsung Galaxy S8” смартфону менен толукташкан.

Ошону менен катар, эң мыкты 10 гаджеттин катарына: “Super Nintendo Entertainment System (SNES) Classic” оюн приставкасы

“Amazon Echo” (экинчи деңгээлдеги) аудиоколонкасы

“Xbox One X” консулу

“Apple Watch 3” акылдуу сааты

“Sony Alpha A7R III” фотокамерасы кирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!