“IPhone X”да “Windows 95” ишке кошулду (видео)

25-Ноя. 2017, Ишемби, 14:50

“YouTube” каналынын автору Hacking Jules “Power DOS” эмулятор аркылуу “Windows 95”ди “iPhone X”ке ишке кошту. Операциялык система смартфондо жакшы жумуш иштейт. Ошону менен катар сенсорлук башкарууну колдойт. Мисал катары, блогер алгач «Сапера»ди иштетип, андан кийин “SimSity 2000” оюнун ойногон.

Буга чейин “iPhone X” “Time”дын версиясы боюнча «Мыкты гаджеттердин бири» деп таанылган. Түзүм рейтинг боюнча экинчи орунду ээледи жана макаланын авторлору айткандай, “Келечектеги смартфондар үчүн жаңы стандарт жасалды”.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!