“Tesla” смартфон чыгара баштадыбы?

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:47

Интернетте "Tesla”га таандык делген смартфондун видеоконцепциясы чыккан. Ал ”YouTube” каналынын “Concept Creator” тарабынан жарыяланган.

Видеого карасак, гаджет кош камера менен жабдыкталган, анын рамкасыз дисплейи жана металл корпусу бар. Тесла смартфондорду чыгаруу тууралуу ойлоно да элек, ошондуктан “Tesla” аталышы менен ар түрдүү моделдер сатылып келүүдө. Ал эми видеодогу аппаратка келсек, түзүмдүн техникалык мүнөздөмөлөрү менен чыгарылуучу күнү айтылбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!