“Samsung” телефонун кантип 12 мүнөттө кубаттоого болот?

28-Ноя. 2017, Шейшемби, 13:19

Түштүк Кореялык “Samsung” компаниясы смартфонду 12 мүнөттө кубаттоочу атайы графен элементин пайдалануучу аккумулятор ойлоп тапты. Бул тууралуу “life.ru” сайты билдирет.

“Samsung Advanced Institute of Technology” менен иштеген бир топ окумуштуу графиттен алынуучу көмүртек элементин, тактап айтканда графен бүртүкчөлөрүн ийгиликтүү синтездеди. Жыйынтыгында, жөнөкөй телефондогу литий-иондуу батареядан көрө жаңы кубаттоочу түзүмдүн жардамы менен смартфонду беш эсе тез кубаттоого мүмкүн экени аныкталды.


Маалыматта айтылгандай, «графен бүртүкчөлөрү» аккумулятордун кызмат кылуу убактысын да узартат экен.

“Samsung Advanced Institute of Technology” инженерлеринин айтуусу боюнча, кубатоочу түзүм 5 °С дан 60°С чейинки температурада эч кандай тоскоолдуксуз иштейт.

Азыр компания АКШ менен Түштүк Кореяда аталган түзүмдү чыгаруу үчүн патенттөө боюнча өтүнүч берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!