Дүйнөдөгү алгачкы биткоин миллиардерлер

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 16:06

“Тайлер менен Камерон Уинклвосс дүйнөдөгү алгачкы биткоин миллиардерлери аталышты. Ага-инилер дүйнөдөгү баардык биткоиндердин чамасы менен 1 пайызына ээ. Ушундайча, биткоиндердин кору миллиард доллардан ашты”,- деп маалымдайт “The Telegraph” басылмасы.

Гезиттин маалыматы боюнча, 2013-жылы ага-ини дүйнөдөгү баардык биткоиндердин пайызын ээ болушуп, крипто-валюталарды 11 миллион долларга сатып алган. Андан бери бул көрсөткүч 100 эсеге артып, өткөн жумада 11395 долларды түзгөн. Ага-ининин энчисиндеги биткоиндердин накта саны белгисиз. Бирок ал 100 миңден ашат деген болжол бар.

Алар өздөрүнүн крипто-валюталык активдерин сатпай тургандарын айтышат. Тескерисинче, аларды узак убакытка сактоого ниеттенишет.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда биткоиндин өлчөмү 10 миң доллардан ашты. Биткоиндин базарда капиталдаштыруу 165,85 миллиард долларга жетти. “Сoindesk” порталынын билдирүүсү боюнча, биткоин 11,445,39 долларга сатылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!