“Apple” секундасына канча табат?

6-Дек. 2017, Шаршемби, 10:11

Бирөөнүн акчасын саноо туура эмес болсо да, адамдарда бир нерсеге кызыгуу деген касиет бар эмеспи. Дүйнөлүк желелерде ири кесиптердин ээлери, саясатчылар, ири компаниялар менен корпорациялар канча киреше табары тууралуу көптөгөн пикирлер айтылат. Мындай маалымат бизге пайдалуубу?

Бул маалыматтын пайдасы же зыян экенине карабастан, алар өз кызыкчылыгын жоготпой келет. “Every Second” сайты жакында гана ачылганы менен, өзгөчө контенти менен коомдун көңүлүн өзүнө бурду. Мисалы, ал азыркы убактагы “Apple” корпорациясынын кирешесин эсептди. Сайт азыркы “Apple”, “YouTube” жана “Facebook” сервистеринин статистикасын көрсөтүүдө. Сайттан “Apple” корпорациясынын жумушу жакшы жүрүп жатканын анык көрө аласыз. Ар секундда дүйнө боюнча “5 iPhone” смартфоны, “1 iPad” планшети, “1/6 Apple Watch” сааты жана эки секундда бир “Mac” компьютери сатылат экен. Бул маалыматтар кайдан алынат?

“Every Second” сайтында жумуш иштеген адамдарга “Apple” корпорациясынын бухгалтериясына жол жок экени анык. Алар компаниянын түрдүү каржылык эсептерине арналган текшерүүгө «реверс-инжиниринг» колдонот. Жыйынтыгында накта статистикага ээ боло алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!