Интернетте сиз тууралуу кандай маалымат бар?

Интернетте сиз тууралуу кандай маалымат бар?
9-Дек. 2017, Ишемби, 11:11

Интернетке өзүңүз тууралуу төгүп-чачып билдирүү таратпасаңыз да, сиз тууралуу бир далай маалымат табууга болот.

Буга сиздин смартфонуңуздагы кошумчалар себеп. Телефонуңузда канчалык кошумча тиркеме көп болсо сиз тууралуу интернетке тараган маалымат да ошончолук көп болот. Сиз тууралуу маалымат издеген адам интернет аркылуу өзүнө керектүү бир аз да болсо маалымат биле алат.

Мисалы, жөн гана «гуглга» кирсеңиз сиздин турган жериңиз, кандай гаджеттен кирип жатканыңыз, эмнени издеп отурганыңыз, же жумуш жасап отурганыңыз, башка адамдарга эмне жазып жатканыңыз, кайсы тилде жазып жатканыңыз, кандай музыканы жакшы көрөрүңүз, чет жерде канчалык тез каттап турганыңыз тууралуу маалымат пайда болот.

Дүйнөлүк желелерде сүрөттөргө «лайк» койгон сайын жарнама компанияларына өзүңүздүн кандай баракчаларды жактыра тургандыгыңыз, эмнени жакшы көрөрүңүз тууралуу маалымат бересиз. Мунун баары көрүнгөн жана көрүнбөгөн трекерлердин жардамы менен байкоо жүргүзүлөт. Ал үчүн трекерлердин сизди аңдуусуна тыюу салуучу атайы тиркемелерди жүктөп алууга болот.

Смартфонуңуздагы “wi-fi” менен “Bluetooth” аркылуу ар бир адам сиздин кайсы жерде экениңизди, кайда жашаарыңызды, кайсы жерде иштериңизди бат эле аныктай алат.

Эгер телефонуңуздагы тиркемелердин саны 40тан ашса сиз тууралуу интернетте өтө көп маалымат бар деген сөз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!