“YouTube” музыка угуу үчүн акча алат

“YouTube” музыка угуу үчүн акча алат
9-Дек. 2017, Ишемби, 15:37

Америкалык компания музыканын коомго таралып чыгуусуна тоскоолдук жасап жатат. Бул тууралуу “life.ru” сайты маалымдады.

“YouTube” март айында онлайн музыка угуу тиркемесин сунуштайт. “Bloomberg” басылмасынын маалыматы боюнча, аны “Remix” деп аташат. “Remix” тиркемесинин аркасында интернет колдонуучулары компьютер жана телефон аркылуу белгилүү ырчылардын ырларын мыйзамдуу жол менен уга алышат.

Ушул убакытка чейин “Google” дагы бул сыяктуу жол менен ыр угууга арналган тиркеме жасап чыгууга тырышкан. Натыйжасында 2011-жылы “Google Play Music”, 2014 жылы “YouTube Music Key” сыяктуу тиркемелер пайда болгон

“Bloomberg” басылымасынын билдирүүсү боюнча, америкалык корпорация “Warner Music Group” лейбли менен келишкен. Азыр “Google Sony Music Entertainment”, “Universal Music Group” жана “Merlin” сыяктуу компаниялар менен келишим шарт түзүүдө. Бирок “Universal” жана “Sony” компаниялары тескерисинче “Google” компаниясына тоскоол болуушуда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!